“Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
Бишкек шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо багытанда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2024-жылдын октябрь айынан бери “А” ЖЧКсы тарабынан сейил бакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары демөөрчүлүк негизде аткарылып жаткандыгына карабастан, аталган муниципалдык ишкана тарабынан акча каражаттарын чыгарып кетүү максатында аткарылган жумуштарга формалдуу түрдө 14 538 766 сомдук сатып алуулар конкурсу жарыяланып, жыйынтыгында аталган ЖЧКга мыйзамсыз жеңишти ыйгаруу менен өздөрүнүн кылмыштуу аракеттеринин изин жаап-жашырууну көздөшкөндүктөрү аныкталган.
Бирок көздөгөн максаттары ишке ашырылбай, конкурстун жыйынтыгы менен “З” ЖЧКсы жеңүчүү деп табылып, “А” ЖЧКсы тарабынан аталган жумуштар аткарылып жаткандыгына байланыштуу “З” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди атайлап жокко чыгарышкан.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
