Кыргызстанга келгендердин саны чыгып кеткендерден өстү
Кыргызстанда 2012-жылдан бери эмиграциянын төмөндөө тенденциясы байкалууда. 2022-жылы биринчи жолу Кыргызстанга келгендердин саны чыгып кеткендерден көп болду.
Улуттук статистикалык комитеттин демографиялык статистика башкармалыгынын башчысы Жанаркүл Мааткулова Бишкекте өткөн маалымат жыйынында акыркы үч жылда келгендердин саны акырындап көбөйгөнүн белгиледи.
Алсак, 2025-жылдын январынан июнь айына чейин Кыргызстанга туруктуу же узак мөөнөттүү жашоо үчүн 8099 адам келсе, 1351 адам чыгып кеткен.
Анын айтымында, иммигранттардын 72,6%ы Кыргызстанга келүүгө жумушка орношуу, 9,5%ы мурунку жашаган жерине кайтып келген, 5,9%ы окуу үчүн.
