Оштун мэри башаламан соодага жол берилбей тургандыгын билдирди
25 февраль

Оштун мэри башаламан соодага жол берилбей тургандыгын билдирди

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Тилеке баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү башаламан соода жайларын толук тазалоо жана мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча катуу тапшырма берди.

Аталган аймакта тартипти камсыз кылуу максатында көзөмөл күчөтүлүп, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.