Соцфондун региондук органдары жаңы автоунаалар менен камсыздалды
Социалдык фонд 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Tracker 1.2 AT Premier үлгүсүндөгү 9 даана автоунаа сатып алып, аталган унаалар Социалдык фонддун региондук органдарына тапшырылды.
Фонддон кабарлашкандай, унаалардын ачкычын Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган автоунаалар мамлекеттик өндүрүштү колдоо максатында “ДТ ТЕХНИК” ЖЧКсынан ("Тулпар Моторс" заводу) сатып алынды.
