Бишкекте кыз дебош чыгарды. Милиция аны менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүздү
Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 4-кичирайонундагы үйлөрдүн биринин короосунда кыздын коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тартылган видео аныкталды.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталып, ал боюнча сотко чейинки текшерүү башталды.
Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилди.
Ш.А. аттуу жаран менен коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин бузууга жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
