Айдоочулардын эсине! Ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар
21 январь

Айдоочулардын эсине! Ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, алыс жолго аттанган айдоочуларды этият болууга чакырды. 

Маалыматка ылайык, 21нен 24-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Мындан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.