Таласта өспүрүмдөр 57 жаштагы адамды сабап салышкан
2026-жылдын 28-август күнү “Instagram” социалдык тармагында Айтматов районунун 1969-ж.т. К.У. Х аттуу жаранына карата белгисиз адамдар тарабынан зомбулук көрсөтүлүп, анын адамдык аброюна шек келтирген аракеттер жасалгандыгы тууралуу видео-тасма таркаган.
Аталган факты Айтматов РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя боюнча ыкчам тергөө-аракеттери жүргүзүлгөн учурда зомбулук көрсөткөн өспүрүмдөрдүн өздүгү такталып, алар 2009-ж.т. А.Ж., 2010-ж.т. М.К. жана 2013-ж.т. Н.К. Айтматов районунун тургундары экендиги аныкталган. Ошол замат ата-энелери менен биргеликте райондук ички иштер бөлүмдөрүнө камсыздалган.
Текшерүүнүн жүрүшүңдө жабырлануучу жана анын жакын туугандары К.У.Х. карата соттук-медициналык экспертизасын дайындоодон баш тартып, окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген. Жабырлануучу К.У.Х. карата денесиндеги жаракаттарды аныктоо тууралуу медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда, анын денесинде олуттуу жаракаттар аныкталган эмес.
Жогорудагы фактынын негизинде 2009-ж.т. А.Ж. га жана 2010-ж.т. М.К га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык), ал эми 2013-ж.т. Н.К. нын ата-энесине 102-берененин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде протокол түзүлүп, укук бузуу чараларын көрүү үчүн топтолгон материалдар Айтматов районундук сотуна жөнөтүлгөн.
Ошондой эле өспүрүм балдардын мындан кийинки кыймыл-аракеттерин көзөмөлгө алуу жана байма-бай профилактикалык иштерди жүргүзүп туруу үчүн Айтматов РИИБдин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан атайын каттоого алынды.
