Бир арыз өмүр бою жетет: Айдаров мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кандай жаңычылдык киргизилерин айтты
Депутат Чыңгыз Ажибаева конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында жарандар пенсияга чыгууда же пособие алууда бир катар көйгөйлөргө кабылып жатканын билдирди.
“Ушул жылдын январь айында бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына жөлөкпул төлөө маселеси көтөрүлгөн. Ошондо адамдар документтерин чогултуп, тапшырып жатканда көйгөй жаралды. Жергиликтүү тургундар 60-70 чакырымга барып, болгондо да эрте менен саат 5те кезекке турууга аргасыз болушту. Ушундай маселе кайталанбаш үчүн эмне кылуу керек?” – деди ал юстиция министринин орун басары Айбек Айдаровго.
Белгилей кетсек, аталган комитетте Юстиция министрлиги сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өркүндөтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды.
Айдаров мыйзам долбоорунда “проактивдүү” түшүнүгү кирип жатканын, анын артыкчылыгы санариптештирүүдө экенин айтты.
Белгилегендей, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилет, бирок санариптештирүүгө жеткиликтүүлүгү жок жарандар үчүн альтернативалык ыкмалар калат. Ал эми проактивдүүлүк – бул жаран жашоосундагы ар бир этапта – мисалы, балалуу болгондо, пенсияга чыкканда же башка төлөмдөрдү алуу үчүн тиешелүү органдарга улам арыз менен кайрылып отурбайт.
Анын баарын система жасайт, жарандын бир жолку арызынын негизинде калган этаптар автоматтык түрдө базага кирип турат.
Ошондой эле Айдаров белгилегендей, мамлекеттик органдар интеграцияланат дагы, жарандардан ар кандай справкаларды талап кылууга тыюу салынат.
“Мисалы, жаран бир жумуш менен кайсы бир органга кайрылса, жумушу ошол жактан гана аякташы керек. Кошумча справкаларды суроого тыюу салынат”, - деди ал.
