Бекешев МСКнын чоң тизмеси тууралуу: бир катар белгилүү саясий партиялар ликвидация болот
Депутат Дастан Бекешев конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында саясий партиялардын бир тобу жакын арада ликвидация болуп кетиши мүмкүндүгүн билдирди.
Ал бул тууралуу округдук шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.
Ал БШК мүчөлөрүн саясий партиялар эмес, президент жана ЖК шайлай турганын, бирок мыйзам долбоорунда жаңы киргизилип жаткан округдук комиссия аймактык комиссиялардын негизинде түзүлөөрүн, а аймактык комиссиялар саясий партиялардын сунушу менен бекитилерин белгиледи.
“Бул логикалык жактан туура болбой калууда. Округдук комиссия бир мандаттуу округду карайт, көзөмөлдөйт жана уюштурат. Биз депутаттар бир мандаттуу округдан шайлансак, аймактык комиссиялардын да түзүлүшү башкача болушу керек, алар партиялардын сунушу менен шайланбашы зарыл. Каалаган жаран талапкер боло алгыдай укук бериш керек”, - деди Бекешев.
Ошондой эле ал саясий партиялардын “жашоосу” шайлоо учурунда гана болоорун эске салды.
“Азыр Мамлекеттик салык кызматы чоң тизмени түзүп койду: отчет бербей жаткан уюмдарды ликвидация кылабыз деп жатышат. Алардын ичинде белгилүү саясий партиялар бар. Демек, алар иштеген жок, баары формалдуу абалга өтүп кетишти. Анан участкалык аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп жатканда, адамдар партиялардан “менин талапкерлигимди көрсөтүп койчу” деп суранышат. Шайлоо өттү, болду, партиялар жок, таптакыр таба албайсың”, - деди депутат.
