Жаңы мыйзам: ЖМК дарегин, аталышын өзгөртсө, Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүүгө тийиш
Кыргызстанда мындан ары жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам иштеп баштайт. Ушул жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров жакында кол койду. 8-августта “Эркин Тоо” гезитине расмий жарыяланды. Эми 15 күндүн ичинде мыйзам күчүнө кирет.
Анда кандай өзгөртүүлөр камтылды жана ЖМК чөйрөсү эмнелерди эске алуусу керек, негизгиси, жаңы мыйзам сөз эркиндигине чектөө коюп койбойбу – бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова айтып берди.
Ал белгилегендей, ЖМК тууралуу мыйзам Кыргызстанда биринчи жолу 1992-жылы кабыл алынган. Ал убакта интернет жашообузга кире элек болгондуктан, бул чыныгы маалымдоо каражаттарына таандык болгон жана замандын өзгөрүшүнө байланыштуу, акыркы учурда ЖМК катарын веб-сайттар, маалымат агенттиктери толуктады.
“Мыйзам долбоору президенттик администрация тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөндө, коомчулук тарабынан, айрыкча, журналистика чөйрөсү бул сөз эркиндигине кысым экенин айтып чыгышкан. Мындан улам, президенттин көрсөтмөсү менен мыйзам долбоору артка чакырылып, бизге, Маданият министрлигине ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте иштеп чыгууга берилди. Биз ар апта сайын чогулуп, бир нече варианттар сунушталып жатып, 6-вариантка токтолдук. Чынында, мыйзам кабыл алынганга чейин абдан узак жолду басып өттү”, – деди ал.
Ал белгилегендей, жаңы мыйзам боюнча жарандар жана ЖМК маалымат алууга, жайылтууга, көз карашын эркин билдирүүгө укуктуу. Бирок ЖМКга маалыматтык коопсуздук сактоо милдети тагылган. Бул туура эмес маалыматтарды жайылтууга бөгөт коет.
Ошондой эле, Калмуратова азыркы мыйзам боюнча, ар бир веб-сайттар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ЖМК макамын алууга милдеттүү болуп калганын кошумчалады.
“Каттоодон өткөндөн кийин гана ЖМК болуп эсептелинет жана маалымат тарата алат. Ошол эле убакта эгерде ЖМК ишмердүүлүгү учурунда аталышын, түптөөчүсүн, ээсин, дарегин, домен-даректерин өзгөртсө, анда бир айдын ичинде кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Өтпөсө, бул мыйзам бузуу болуп саналат”, – деди Зарина Калмуратова.
