Wildberries өзүнүн жеке мессенжерин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат
Wildberries компаниясы өзүнүн жеке мессенжерин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Учурда сервис кызматкерлер үчүн тесттик режимде ишке киргизилген.
Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Татьяна Ким ТАСС агенттигине билдирген.
Алгач мессенжер кызматкерлердин өз ара байланышын камсыздоо жана жумуштук маселелерди чечүү үчүн ички курал катары иштелип чыккан. Бирок компания аны кеңири масштабда ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Кимдин айтымында, сервис толук иштелип чыккандан кийин аны Россиядагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү колдонуучуларга да жеткиликтүү кылуу пландалууда.
Мессенжерди түзүү идеясы Wildberries компаниясынын тышкы жарнама оператору Russ менен биригишинен кийин пайда болгон.
Компания ошондой эле Wibes видеошопинг платформасын өнүктүрүүдө. Ал жерде билдирүүлөрдү алмашуу үчүн мессенжердин жөнөкөйлөштүрүлгөн версиясы колдонулуп жатат.
Буга чейин Россиянын Мамлекеттик думасында өлкөдө Telegram мессенжерине тыюу салуу мүмкүнчүлүгү азырынча каралбай жатканы айтылган. Мамлекеттик думанын маалыматтык саясат боюнча комитет төрагасынын орун басары Олег Матвейчевдин маалыматына ылайык, бул боюнча парламентке тиешелүү демилгелер же мыйзам долбоорлору түшкөн эмес.
