Бишкекте А.Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкекте 2026-жылдын 21-март күнү саат 19:00дөн тартып 22-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, бул аралыкта жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундары жана айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
