Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду
6 август

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жаран К.Ж. арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 5-август күнү Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө эч кандай себепсиз, бейбаштык ниетте ага денесинин ар кайсы бөлүктөрүнө колу-буту менен бир нече жолу уруп, денесине жаракат келтирип, андан соң окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Т.Ж., аттуу жаран кармалган. Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.