Эми президент, төрага жана премьер бир убакта Кыргызстандан чыга алышпайт
9 июнь

Эми президент, төрага жана премьер бир убакта Кыргызстандан чыга алышпайт

Кыргызстанда президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө» жаңы мыйзам күчүнө кирди. Документ эл аралык сапарларды, расмий аземдерди жана чет элдик конокторду кабыл алуунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт.

Мыйзамдагы эң көп талкуу жараткан нормалардын бири – президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын бир убакта чет өлкөдө болушуна тыюу салынганы болду. Эми бул үч жетекчи өлкөдөн бир мезгилде чыгып кете алышпайт. Ошондой эле эл аралык форумдарга же саммиттерге катышуу учурларын эске албаганда, алардын кыска убакыт аралыгында бир эле мамлекетке расмий сапар менен барышына чектөө киргизилди.

Мыйзамда чет мамлекеттердин жетекчилеринин мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана транзиттик сапарларын өткөрүүнүн тартиби да кеңири аныкталган. Ар бир сапардын түрү үчүн өзүнчө протоколдук талаптар жана аземдик эрежелер каралган.

Эл аралык сапардын эң жогорку формасы катары чет мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары таанылды. Мындай учурларда конокторго өзгөчө урмат-сый көрсөтүлүп, ардактуу кароол, кыргыз элинин улуттук маданий элементтери, кортеждин коштоосу жана салтанаттуу кабыл алуулар уюштурулат.

Өзүнчө бөлүм мамлекеттик белектерге арналган. Чет элдик делегациялардан кызмат адамдары алган бардык баалуу белектер мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Алар музейлерге, көргөзмө фонддоруна өткөрүлүп берилет же мамлекеттик сактоого алынат.

Жаңы мыйзам ошондой эле Кыргызстандагы мамлекеттик протоколдун талаптары өз аралуулук (взаимдуулук) принципинен жогору турарын бекитет. Бул расмий иш-чараларды башка мамлекеттердин протоколдук салттарына карабастан, улуттук эрежелердин негизинде өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Документ расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирди.