Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда 
4 сентябрь

Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда 

Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусундагы 9 чакырым тилкесин асфальтоо иштери 2025-жылга каралган титулдук тизмеге киргизилген. 

Июлда 5 чакырым толук асфальтталып, каттам пайдаланууга берилген. Ал эми калган 4 чакырым тилкесинде асфальт басуу иштери 1-сентябрдан тарта башталып, учурда кызуу жүрүп жатат.

Аталган иштерди №36 Жол тейлөө ишканасы аткарып жатат.

Белгилей кетсек, Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жол маанилүү транспорттук каттам болуп саналат. Буга чейин жолдун айрым тилкелери аң-чөнөктөрдү жамоого да жарабай калган.

Жаңы асфальттын төшөлүшү менен жолдун сапаты жогорулап, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.