Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядав Нарынга барды
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүң орун басары Жылдыз Мамбетова Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 17-ноябрында өттү.
Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, маданият, медицина, айыл чарба, туризм жана инвестиция тартуу багыттарындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Иш сапардын жүрүшүндө Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын (ITEC) алкагында адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, элчи Нарын шаарында жайгашкан “Мейкин” реабилитациялык борборуна барып, өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана аларга көрсөтүлүп жаткан колдоо менен таанышты.
