Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү үчүн имараттарды менчикке сатып алууда 
4 сентябрь

Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү үчүн имараттарды менчикке сатып алууда 

Кыргызстан продолжает создавать благоприятные условия для сотрудников своего дипломатического корпуса за рубежом, приобретая здания для их собственного пользования, сообщил пресс-секретарь президента Аскат Алагозов. 

По его словам, посольства и представительства Кыргызстана арендуют здания и квартиры для сотрудников в странах своего пребывания, тратя на это значительные суммы из бюджета страны.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкө бюджетине жүктү азайтуу жана чет өлкөдө эмгектенген дипломаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн дипкорпустары жана кызматкерлери үчүн имараттарды сатып алууда.

Алсак, 2023-жылы Кыргызстандын Мажарстандагы элчилиги үчүн имарат сатылып алынды. Ушул эле жылы Кыргызстандын Франциядагы элчилиги өзүнүн менчик имаратына ээ болду.

Быйыл болсо, Кыргызстандын Кореядагы элчилиги өзүнүн имаратына көчүп, кубанып турган чагы.

Чет өлкөдөгү дипломаттар үй-бүлөлөрү менен батирлерди ижарага алып эмгектенип келишет. Алар үчүн да эми кызматтык батирлер сатылып алынууда.

2024-жылы Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинде эмгектенген кызматкерлер үчүн төрт кызматтык батир сатылып алынса, ушул эле жылы Россиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу үчүн бир батир менчикке сатылып алынды.

Быйыл, 2025-жылы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Нью-Йорк шаарында Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн төрт батир жана Туруктуу өкүл үчүн резиденция сатылып алынды.

Кызматкерлер үчүн сатылып алынган батирлер катарын Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы Элчилиги толуктайт. Бул өлкөлөрдө эмгектенген дипломаттар үчүн да төрт кызматтык батир менчикке сатылып алынды.

Учурда Кыргызстандын Швейцариядагы, Австриядагы Элчиликтери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу алуу боюнча иш жүрүүдө.

Чет өлкөлөрдө Элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500дөн 4500 долларга чейин коротуп келишкен. Айрыкча алыскы мамлекеттерде.

Европада кеңсени ижарага алуу 5000 евродон 6500 еврого чейин.

Эми, мамлекет бул имараттарды сатып алуусу менен ижара үчүн акча коротпойт жана менчиктеги имараттарга коротулган каражат бир канча жылда эле өзүн актап коет.

Бул багыттагы иштер системдүү жана прагматикалык мүнөзгө ээ болуп, мындан ары дагы улантылмакчы.