Ысык-Көлдө үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи түзүлдү
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында “Адал Агро плюс” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган айыл чарба кооперативинин карамагында 200 гектар жер аянты жана айыл чарба техникалары бар.
Кооперативдин негизги максаты - сапаттуу үрөндөрдү алууда инновациялык технологияларды колдонуу болуп саналат.
Эске салсак, 2024-жылда республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн.
