Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаңы директор дайындалды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
21 сентябрь

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаңы директор дайындалды

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору кызмат ордуна Жыргалбек Кадыров дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов кол койгон.

Ал эми буга чейин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору кызматын аркалап келген Кумарбек Ботокараев Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасынын директору кызматына дайындалды.

Бүгүн жаңы дайындалган жетекчилерди Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев эмгек жамааттарга тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда жаңы жетекчилерге кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иштерди натыйжалуу жүргүзүүдө ийгиликтер кааланды.