Бишкекте пияз Жалал-Абадга караганда 2,3 эсе кымбат
Баардык шаарларда социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары кыйла айырмаланат. Айрыкча пияздын баасында чоң айырма байкалат.
2026-жылдын 18-сентябрына карата базарлардагы чекене баалардын жумалык мониторингине ылайык, Бишкекте 1 кг пияздын орточо баасы 45 сомду түзсө, Жалал-Абадда 19,5 сом болгон. Башкача айтканда, борбор калаада пияз болжол менен 2,3 эсе кымбат сатылган.
Күрүчтүн баасында дагы чоң айырма бар. Бишкекте 1 кг тазаланган ак күрүч 225 сомдон сатылса, Баткенде 112,5 сомду түзгөн. Бул Бишкектеги баадан эки эсе арзан. Өлкө боюнча орточо баа 149 сом болгон.
Импорттук биринчи сорттогу ун да борбор калаада кыйла кымбат. Бишкекте анын 1 килограммы орточо 67,5 сом болсо, Жалал-Абадда 40,5 сомдон сатылган. Жергиликтүү ун Бишкекте 45 сомду түзсө, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 33 сомдон болгон.
Маалымат берилген шаарлардын ичинен пастерленген сүттүн эң жогорку баасы Ошто катталган – литри 111 сом. Нарын шаарында 75 сом, Бишкекте 76,5 сом болгон.
Сары май да Ошто эң кымбат – 1 килограммы 810,5 сом. Бишкекте анын орточо баасы 525 сом, Жалал-Абадда 540 сомду түзгөн.
Нандын баасы да шаарларга жараша айырмаланат. Биринчи сорттогу ундан жасалган нандын 1 килограммга эсептелген баасы Баткенде эң жогору болуп, 84,3 сомду түзгөн. Ал эми Нарында бул көрсөткүч 60,8 сом болгон.
18-сентябрга карата Кыргызстан боюнча орточо баалар төмөнкүдөй болгон: уй эти – 1 кг 780 сом, кой эти – 842,5 сом, кант – 79,9 сом, жумуртка – 10 даанасы 116,5 сом, картошка – 1 кг 32,9 сом.
