Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору болду – 11,2%
Кыргызстан 2026-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн арасында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү.
Өлкөдө өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 11,2%га өстү.
Экинчи орунда Армения болуп, анда көрсөткүч 9,5%га жогорулаган. Казакстанда өнөр жай өндүрүшү 3%га өскөн.
Беларусь жана Россияда өсүштүн эң төмөнкү динамикасы катталып, көрсөткүч 0,1%ды түздү.
Ошентип, Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи Казакстанга караганда дээрлик төрт эсеге, ал эми Беларусь жана Россияга салыштырмалуу 100 эсеге жогору болду.
Кыргызстанда электр энергиясы менен камсыздоо тармагындагы өсүш 1,7%ды түздү.
