Рамзан Кадыров Чеченстандын башчысы үчүн шайлоодо 99,85% добуш алып, рекорд койду
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь

Рамзан Кадыров Чеченстандын башчысы үчүн шайлоодо 99,85% добуш алып, рекорд койду

Чеченстандын учурдагы башчысы Рамзан Кадыров республика жетекчисин шайлоодо бардык протоколдор 100% иштелип чыккандан кийин 99,85% добуш алды.

БШКнын маалыматына ылайык, калган эки талапкердин ар бири 0,05% добуштан алган.

Шайлоого үч талапкер катышты: «Единая Россия» партиясынан Рамзан Кадыров, Чеченстандын Коомдук палатасынын төрагасы Исмаил Денильханов («Справедливая Россия») жана аймактык парламенттин депутаты Халид Накаев (КПРФ).

2026-жылдагы жыйынтык Кадыров үчүн Чечстандын башчысы кызматындагы шайлоолордогу эң жогорку көрсөткүч болду.

2016-жылы ал расмий маалымат боюнча 94,8% добуш алган болсо, 2021-жылы 99,7% добушка ээ болгон. Бул жолу көрсөткүч 99,85% түздү.

Кадыров Чечстандын башчысы кызматын 2011-жылдын апрель айынан бери аркалап келет.

Добуш берүү 18–20-сентябрь күндөрү Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо жана башка шайлоо өнөктүктөрү менен бир убакта өттү.