Жумуш издөө жеңилдейт. Кыргызстанда эки санарип платформа ишке кирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь

Жумуш издөө жеңилдейт. Кыргызстанда эки санарип платформа ишке кирди

Кыргызстанда эки санарип платформа — Jumush.gov и Find-ish ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешмеде билдирди. 

Анын айтымына караганда, платформа жарандарга жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Эки санарип платформа  жумуш издөөчүлөргө актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөргө жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат жайгаштырууга мүмкүндүк берет.