Көлбаевдин жакын тууганы аянты 1 га жер тилкесин Чолпон-Ата мэриясынын балансына өткөрүп берди
4 сентябрь

Көлбаевдин жакын тууганы аянты 1 га жер тилкесин Чолпон-Ата мэриясынын балансына өткөрүп берди

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин кылмыштуу кирешелеринин легализацияланышы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын жер участогу К.Асанбекке тиешелүү адамдар тарабынан кылмыш жолу менен ээлик кылынганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин жакын тууганы У.А.А., жалпы аянты 1 га имараттары бар жер тилкесин өз ыктыяры менен Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.

КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана алар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.