Борбордук милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
4 сентябрь

Борбордук милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы борборубуздун Биринчи-май районунун аймагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык болгон уюм туралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча Биринчи-май райондук ички иштер башкармалыгын Тергөө кызматы тарабынан Кырыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, диний сабак өткөрүлгөн жери аныкталып, ошол дарек боюнча тинтүү ыкчам иш чаралары жүргүзүлгөн. Анда, 1989-жылы туулган Ш.З.,аттуу шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Борбордук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда, шектүүгө карата Бишкек шаарынын Биринчи Май сотунун чечими менен №1 Тергөө абагына 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Бейгилей кетсек, тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китепчелер, шектүү маалыматтарды камтыган уюлдук телефондор табылып алынган.

Тергөө иштери улантылууда.