Дарыгер электрондук тамеки айкос, кальян, насвайга да тыюу салууну сунуштоодо
www
9 июнь

Дарыгер электрондук тамеки айкос, кальян, насвайга да тыюу салууну сунуштоодо

Кыргызстанда 2010-жылдагы изилдөөдө жалпы жарандардын 26 пайызы тамеки тартаары белгилүү болгон. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 8 пайызга азайган. 8 пайызга азаюу – эркек кишилердин орточо өмүр сүрүү узактыгын 68-70 жашка жеткирген. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Анара Калиева билдирди. 

Ал белгилегендей, кадимки тамеки жана электрондук тамеки адам организмине бирдей зыян берет.

2025-жылдын 1-июнунан тартып өлкөдө вейп деп аталган электрондук тамекиге тыюу салынган, бирок ошол эле убакта IQOS (айкос) деп аталган электрондук тамекини колдонуу уланууда. Андан сырткары организмге тамекидей эле зыян келтирген насвай бар. 

“Тамекинин баасы кымбаттагандан насвайга өтүп кеткендер болууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзам даярдаганда тыюу салынчуларга насвай да кошулган. Бирок аны чыгарып коюшту. Биз аны Америкага чейин алып барып изилдегенбиз. Курамында оор металлдар, жогорку деңгээлдеги никотин бар. Андан сырткары инфекция, грибоктор табылган, демек аны тарткан адам гепатит жана башка ооруларга чалдыгып калышы мүмкүн. Кальянды да изилдегенбиз, анда суусундук бар, тамекини күйгүзгөндө буу сууга кирип, анан чыгып оозго жетет. Ошол система эч качан тазаланбайт экен. Кальянды бир эле киши чекпейт, беш-алтоосу биригип алып чегет, демек, көптөгөн жугуштуу оорулардын булагы”, - деди дарыгер. 

Ал Кыргызстанда электрондук тамекинин бардык түрүндө, кальянга толук бойдон тыюу салуу зарылдыгын белгиледи. Калкты тамекисиз сергек жашоодо жашатуунун жолу – мыйзамдар деп билет, дарыгер. 

“Медициналык кызматкерлер 100 пайыз иштесек деле натыйжабыз 8 пайыздан көбөйбөйт экен. Эгер бир мыйзам кабыл алынса, натыйжа дароо 40 пайызга жетет. Ошондуктан катаал мыйзамдар керек. Вейптерге тыюу салынды, айкос калды. Кальянга тыюу салынып, кафелер жабылган эле, эми киреше түшпөй калып жатат деп шылтоо менен кайра ачалы деп жатышат. Балдардын ден соолугун акча менен өлчөсө болобу. Ошол депутаттардын да балдары бар го. Мыйзамдарды ары-бери ойной беришсе, балдар деле чеге берсе болот турбайбы деп ойлошот да. Депутаттар балдарды, мамлекетти, келечекти ойлошсо жакшы болмок”, - деди Калиева. 

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунда жарандардын тамеки таштоосуна жардам берүүчү кабинеттер бар, дарыгерлер тамеки тарткан бейтапка багыт-кеңеш берүү боюнча окуудан өтүшкөн, дары-дармек акысыз берилет.

Бирок дарыгердин айтымында, ал жакка кайрылган жарандардын саны аз. 

“Эгерде адам тамеки тууралуу айтылган чындыктарды угуп, көз карашын өзгөртсө, ал канчалык зыяндуу нерсе экенин түшүнсө бат эле таштап коет. 30-40 жыл тамеки тартып жүрүп, чыныгы маалымат ага жеткенден кийин заматта таштап койгон адамдарды көргөм”, - деди Анара Калиева.