Алайда 400 адамга жардам баштыкчасы таратылды
Ош облусуна караштуу Алай районунда 400гө чукул жаранга жардам баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
"Жардам баштыкчалары райондогу аз камсыз болгон жарандарга берүү менен биргеликте, эл арасында кадыр-барктуу аксакал ажы аталарга да тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жардам Рамазан айынын урматына «Алай айымдары» коомдук уюмунун колдоосу менен таратылган.
