Көпчүлүк аймакта кар жаап жатат. Жол тазалоо иштери жүрүүдө
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолчулар тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
"Бүгүн, 3-мартта саат 06:10до "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип, азыркы тапта күчүндө турат. Учурда Төө-Ашууда кар жаап, инерттик материалдарды чачуу жумуштары үзгүлтүксүз уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
