2025-жылы Кыргызстанга Тажикстандан 86 миң турист келген
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга Тажикстандан 86 миң турист келген. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда билдирди.
Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көп.
Адылбек Касымалиев 2025-жыл Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерде тарыхый этап болуп калганын белгилеп, эки тараптуу саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана өлкөлөрүбүздүн мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу системасын түзүүгө умтулуусун ырастады.
