Жалал-Абад облусунун аймагында “Кара куурай” иш-чарасы өткөрүлүп жатат
8 июль

Жалал-Абад облусунун аймагында “Кара куурай” иш-чарасы өткөрүлүп жатат

Жалал-Абад облусунун аймагында 2025-жылдын 1-июлдан 6-июлга чейинки аралыкта “Кара куурай” аталышындагы иш-чара өтүп жатат.

Иш-чара Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жүрүп жатат. Аталган иш-чаранын өткөрүүнүн максаты, жергиликтүү жашоочулар арасында жапайы кара куурайды колдонууга жана сатып өткөрүүгө, сактоого тыюуу салуу болуп саналат.

Кара куурай иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Тогуз-Торо район шаарларында өткөрүлүп, жапайы кара куурай жеринде орулуп, өрттөлүп жок кылынды.