Кара-Сууда 24 жарандын эмгек акысын бербей койгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды
Коңшу өлкөнүн 1989-жылы туулган М.Ю. жана 1981-жылы туулган К.О. аттуу жарандары Кара-Суу шаарынын аймагындагы Туратали базарында жайгашкан соода борборунун курулуш иштерине жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, аткарган эмгеги үчүн тиешелүү акысын төлөп берүүнү убадалашкан.
Бирок курулуш иштери аяктагандан кийин 24 жарандын эмгек акысын ар кандай шылтоолорду айтып төлөп бербей, ушул күнгө чейин жоопкерчиликтен качып жүрүшкөн.
Бул факты Кара-Суу РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары коңшу өлкөнүн 1989-жылы туулган М.Ю. жана 1981-жылы туулган К.О. аттуу жарандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын болжолдуу суммасы 1 920 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма миң) сомду түзөт.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
