Саламаттык сактоо министри Сокулук райондук ЖДПБга барды
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева менен биргеликте Сокулук райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барышты. Бул тууралу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө 2025-жылы аталган мекеменин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата ЖДПБнын жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды.
Бүгүнкү күндө бул борбор Кыргыз Республикасынын аймагында курулуучу 20 оорукана тизмесине киргизилген.
Министр ЖДПБнын эмгек жамааты менен болгон жолугушууда медициналык инфраструктураны жаңыртуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
