Бишкек Кытайдан атчан саякаттап келген Кызыл-Суулук кыргыз кыздарын тосуп алды
Бишкек мэриясы
28 май

Бишкек Кытайдан атчан саякаттап келген Кызыл-Суулук кыргыз кыздарын тосуп алды

Бишкекке бүгүн, 28-майда Кытай Эл Республикасынан атчан саякат жасап келе жаткан этникалык кыргыз кыздары  Риза Дуйшон кызы жана Гүлсанат Али кызы келишти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Конокторду "Супара" этно-комплексинде Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов салтанаттуу  тосуп алышты.

Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы сапарын Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан башташкан. Алар Кыргыз Республикасына «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, андан соң Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Бишкек шаарына келишти.

Бул саякат кыргыз элинин улуттук тамырын, тарыхый байланыштарын жана маданий биримдигин чыңдоого багытталган символикалык демилге катары каралат.