Байтик-Баатыр айылында 30 жер участогунун мыйзамсыз бөлүштүрүлүшү иликтенип жатат
Аламүдүн районунун Байтик-Баатыр айылындагы жер тилкелерин бөлүп берүү фактысы боюнча Чүй облусунун ИИББ билдирет.
2025-жылдын 6-июлунда саат 19:00дө Аламүдүн районунун Байтик-Баатыр айылынын 25-30дай тургуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү А.Б. менен айылдын маданият үйүнөн жолугушуп, жолугушууда 2024-жылы Байтик-Баатыр айылынын батыш тарабындагы жер тилкелери тууралуу маселени көтөрүшүп, ал жерлер учурунда мыйзамсыз өзүм билемдик менен бөлүнүп кеткендигин билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар бул боюнча нааразычылыктарын билдиришип, ошондой эле жолугушууга «Стоп Беспредел» сайтынын өкүлдөрү да катышкан.
Бул факт Аламүдүн РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, чогулгандардын нааразычылыгы Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. тарабынан 30дай жер тилке мыйзамсыз жана тиешелүү документерисиз бөлүнүп берилгендигин билдиришип, бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.
Учурда бул факт Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон тергөөгө чейинки аракеттер жүргүзүлүүдө, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилет.
