Жогорку Кеңеште туугандары кылмыш жасаган жарандарды шайлоодо талапкер болууга тыюу салууну сунушталууда
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев туугандарынан ким бирөө кылмыш дүйнөсү менен аралашкан болсо же кылмыш жасаса, андай адамдарды шайлоолордо талапкер болуу укугунан ажыратууну сунуштады.
“Мыйзамда кылмыштуу топтор менен байланышы бар же кылмыш жасаган адам талапкер боло албайт деген норма бар. Бирок ага карабай талапкер болгондор бар. Ошондуктан бул норманы мыйзамга так жазуу керек”, - деди ал.
Айтымында, эреже баарына бирдей болушу керек, эгер туугандары же балдары кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар болсо, депутаттыкка шайланууга болбойт. Же бул норманы такыр эле алып салуу туура.
Депутат андан тышкары үгүтчүлөргө бир убакта бир нече талапкер менен иштешүүгө тыюу салууну сунуштады.
Андан сырткары, аларга төлөнгөн айлык акыны дагы ар бир талапкердикин ар башкача кылбай, бирдей суммага келтирүү зарылдыгын айтты.
