Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара берүү аракети токтотулду
5 май

Бишкек шаарында милиция кызматкерине пара берүү аракети токтотулду

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери КРнын ИИМдин ички иликтоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кызмат адамына пара берүү аракети үчүн Ш.С. аттуу жаран кармалды.

Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.Ч. жана Т.М. аттуу жарандардан эки арыз түшүп, алардын негизинде кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ш.С. аттуу жаран аталган кылмыш иштеринин фигуранты болуп, оор кылмыштар категориясына кирген иштер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында аларды токтотууга аракет кылып, милиция кызматкерине акча каражатын сунуштаганы аныкталды.

Милиция кызматкери бул факты тууралуу дароо жетекчиликке кабарлаган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында пара берүү учурунда 1994-жылы туулган Ш.С. кармалды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.