Зыян 1 млн сомдон ашат. Кочкордо мамлекеттик каражаттын мыйзамсыз сарпталышы аныкталды
16 сентябрь

Зыян 1 млн сомдон ашат. Кочкордо мамлекеттик каражаттын мыйзамсыз сарпталышы аныкталды

Кочкордо мамлекеттик каражаттын мыйзамсыз сарпталышы аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан Ормон-Хан айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2024-жылы сатып алуулар планында каралбаган товарлар боюнча «Л.Г.» ЖЧКсы менен келишим түзүп, кызмат көрсөтүү иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, аталган коомдун эсебине каражаттын 50 пайызын аванс катары которуп жиберишип, натыйжада жергиликтүү бюджетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.