Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директору болуп дайындалды
Азамат Юсупов
10 сентябрь

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директору болуп дайындалды

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.