Ошто 21 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздаган откана оңдолду 
16 сентябрь

Ошто 21 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздаган откана оңдолду 

Ош шаарынын “Жылуулук камсыздоо ишканасынын” ЮВР-1 отканасы реконструкциядан өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Күн мурун откананын оңдолгондон кийинки абалын мэр Жеңишбек Токторбаев көрүп чыкты.

Откана 21 көп кабаттуу үйдү, 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 китепкананы жылуулук менен камсыздайт.