Нарын облусунда «Бандит» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
12 ноябрь

Нарын облусунда «Бандит» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Нарын облусунун аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында «Бандит» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары турган Нарын облусунда жашаган жарандарды КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында Ак-Талаа районунун тургуну, ИИМдин катоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. аттуу жаран текшерилип, анын жанынан баңгизатка окшош зат табылып, тиешелүү тартипте алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.