Нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунда суу каптоо жүрдү
2 июль

Нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунда суу каптоо жүрдү

  • 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында нөшөрлүү жаандан улам райондун бир катар айылдарында каналдарга суу батпай, суу каптоо жүрдү.

  • Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов абалды көзөмөлгө алууда.

  • Алсак, Чолпон-Ата шаарында 1-июль күнү саат 19:35 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Биджай кичи районундагы Арал сайында суунун деңгээли көтөрүлүп, "ТНК Бетон" чыгаруучу заводдун аймагын жана жатаканаларын суу каптаган.

  • Суу каптоонун кесепеттерин жоюу максатында жерине ӨКМден жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 7 инженердик техника тартылып, саат 21:30 суунун нугу бурулган.

  • Мындан тышкары саат 20:50 чамасында Чолпон-Ата шаарынын Талас көчөсүндөгү 1 турак үйдүн жертөлөөсүнө суу кирип, куткаруучулар мотопомпа менен сордуруп беришкен.

  • Шаардагы "Арча Макс" конок үйүнүн короосун суу каптап, жерине 6 куткаруучу тартылып, жертөлөөсүнөн суу сордурулуп, кооптуулук жоюлган.

  • Райондун Чок-Тал айылында саат 19:35 чамасында жааган жаандан улам Чок-Тал сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сайдын жээгин жеп кеткен.

  • Жерине Шайбек-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн 2 экскаватор тартылган.

  • олпон-Ата шаарында саат 20:50 Таласская көчөсүндөгү 1 турак үйдүн жертөлөөсүнө суу кирген. Куткаруучулар тарабынан жертөөлөдөн суу сордурулуп коркунуч жоюлган.

  • Ошондой эле шаардагы "Арча Макс" конок үйүнүн короосун суу каптап, жерине Чолпон-Ата шаардык № 31 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган. Жертөлөөсүнөн суу сордурулуп кооптуулук жоюлган.

  • Чолпон-Ата шаарында саат 23:40 чамасында "Лукаморье" эс алуучу жайынын, короосун суу каптап, куткаруучулар эс алуучу жайдан 24 адамды аман-эсен эвакуациялашкан.

  • Тору-Айгыр айылында 2-июлду караган түнү саат 01:35 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун денгээли көтөрүлүп, айылдагы бир көчөнү суу каптап, 6 турак үйдүн короосуна суу кирген.

  • Жерине Тору-Айгыр а/а 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, № 19 ӨКБдан авариядан куткаруу автоунаасы 1 мотопомпа 1 жана 1 автобус тартылган.

  • Азыркы учурда 2 турак үйдүн короосунан суулар тазаланып, саркынды сууларды ички арыктарга салуу иштери жүрүп жатат.

  • Райондун Чоң-Сары-Ой айылында 2-июлду караган түнү саат 03:00 чамасында Орто-Кой суусу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, сайдан ашкан. Жеринде ӨКМден 1 экскаватор, Жол эксплуатациялоо башкармалыгынан 1 самосвал, 1 жүктөгүч техникалары тартылып, нөөмөткө коюлган. Кошумча маалымат берилет.