Ошто “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
10 сентябрь

Ошто “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош шаарында “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имаратыпайдаланууга берилди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белекке интерактивдүү доска тапшырды.

Жаңы 3 кабаттуу үй-интернаты 32 карыган адамга жана 45 балага туруктуу жашоо үчүн ылайыкташтырылып, зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Үй-интернаттын курулушу Абдишүкүр ажы Нарматовдун жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашырылды.