Талас районунун Каракол айылында 10 кВ жаңы электр чубалгысы курулууда
4 сентябрь

Талас районунун Каракол айылында 10 кВ жаңы электр чубалгысы курулууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы «Конезавод» 35/10 кВ көмөк чордонунан тартылган 10 кВ аба чубалгысынын Ф-5 Каракол аба чубалгысын куруу долбоорун ишке ашырууда.

Аба чубалгысы Талас районунун Каракол айылынын аймагынан өтөт. Жалпы узундугу 7 км болуп, СИП-3 зымдарын тартуу иштери жүрүүдө. Учурда пландалган 170 даана жаңы темир-бетон мамычанын ичинен 80 даанасы орнотулду.

Курулуштун максаты — аймактагы тургундарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу.