Башкы прокуратура
31 март
Чүйдө баасы 663 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунда баасы 663 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан калктуу конуш категориясындагы 0,75 га жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысын кароонун жыйынтыгы менен жогоруда белгиленген баасы 663 млн 862 миң 500 сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.
