Депутат Казакстандын чек арасында кыргызстандык ишкерлерден акча талап кылуу болуп жатканын билдирди
28 май

Депутат Казакстандын чек арасында кыргызстандык ишкерлерден акча талап кылуу болуп жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исманали Жороев кыргыз-казак чек арасында кыргызстандык ишкерлер кыйын жагдайга кабылып жатканын билдирди. 

Айтымында, ага ишкерлерден кайрылуу түшкөн. 

“Россиядан бизге келаткан жүктөрдү Казакстандын чек арасында бир-эки сутка кармап, акча сурап жатышыптыр. Аларда ренген иштейт, бирок аны иштетпей, “жүгүңөрдү өзүңөр жүк ташыгыч алып келип түшүрүп, анан кайра жүктөп бергиле” деген талап болуп атыптыр. Эгер бул улана берсе, бизде товарлардын баасы кымбаттайт”, – деди депутат. 

Ошондой эле ал чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына тапшырган бүтүрүүчүлөргө тезирээк аттестат берүү маселесин көтөрдү. 

Айтымында, бул жактан аттестат алып баргыча, чет өлкөлөрдөгү жогоркуу окуу жайларына кабыл алуу бүтүп калат. Мындай көйгөй жыл сайын кайталанууда.