Сокулук районунда 120 трансформатор оңдолду
10 сентябрь

Сокулук районунда 120 трансформатор оңдолду

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук райондукэлектр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 70 пайызга аяктады. 

Сокулук районунун энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 120 даанатрансформатордук көмөк чордонду, 79 чакырым абачубалгысын оңдоп, 765 даана трансформатордук көмөк чордонду, 1146 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү. 

Андан тышкары СИП аба чубалгыларын тартуу үчүн 250 даана темир бетон мамылары орнотулду. 

Бул иштер Сокулук районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат. 

Сокулук РЭТи 9 айыл өкмөтүндөгү 70 миң абонентти тейлейт.

Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. 

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат.  Ошондой эле “Мой свет” мобилдиктиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет. 

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздинкүнү-түнү иштөөчү чалу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңызболот.