Бишкек шаарында бир нече аккумулятор уурдоолорунун бети ачылды: шектүүлөр кармалды
5 май

Бишкек шаарында бир нече аккумулятор уурдоолорунун бети ачылды: шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна борбор калаанын тургуну Н.К. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2026-жылдын 26-апрелинде белгисиз адамдар Серегин көчөсүндө токтотулуп турган «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан аккумуляторду жашыруун уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон Е.В. жана Г.Т. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалды. Алар Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын ушуга окшош дагы 15 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Ошондой эле уурдалган мүлктү өткөргөн жерлер табылып, металл сыныктарын кабыл алуу пункттарынын биринен 8 аккумулятор табылып, алынган.

Азыркы учурда мүмкүн болгон башка шериктештерди жана кошумча кылмыш фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга, жеке мүлктү коргоо чараларын көрүүгө жана ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу дароо ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.