Ысык-Көлдө эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чаралары уланууда
25 июль

Ысык-Көлдө эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чаралары уланууда

Жайдын аптаптуу мезгилинде Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын жана туристтердин саны күн санап көбөйүүдө. Буга байланыштуу Ысык-Көл милициясы жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо багытында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.

Кызматкерлер эс алуучуларга жана туристтерге жеке буюмдарын кароосуз калтырбоо, баалуу буюмдарына сак болуу, алдамчылыктын ар кандай түрлөрүнөн этият болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле ата-энелерге жашы жете элек балдарды көзөмөлсүз калтырбоо, алардын көлгө түшүүсүнө жана эс алуу жайларындагы коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы эскертилүүдө.

Мындан сырткары, Ысык-Көл районунун аймагында моторлуу кайыктарды, гидроциклдерди жана башка суу транспорт каражаттарын башкарган жарандарга коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Аларга белгиленген сүзүү аймактарын бузбоо, эс алуучулар менен туристтер сүзгөн аймактарга жакындабоо, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратпоо талаптары түшүндүрүлүүдө.

Ысык-Көл милициясы жарандарды жана облуска келген эс алуучуларды, туристтерди коопсуздук эрежелерин так сактоого, укук бузууларга жол бербөөгө жана өздөрүнүн, ошондой эле жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.