
КР ИИМ башчысы кытайлык кесиптеши менен кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулады
КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү - Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту.
Тараптардын жолугушуусу Кытайда өткөн коомдук коопсуздук кызматташтык форумуна катышуусунун Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өттү.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкууланган маселелер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы туруу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктарына тиешелүү болду. Аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун стратегиялык мааниси артыкчылыктуу милдет катары белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.
Тараптар укук тартиби чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керектиги зарыл.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү зарылдыгына жалпы ишеним болду.