"Чычкан" постунда унаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерип жүрөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды.
Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып, жолдо тобокелдикке барбоо зарылдыгын эскертти. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, ылдамдыкты ашырбай, жол белгилерине баш ийип унаа башкарууну белгиледи.
Мындан сырткары “Чычкан” туруктуу постунун жаңыланган жаңы имараты пайдаланууга берилди.
